super.kg logo
  Саясат  

Шайлоону таза өткөрүү максатында Түштүк Кореядан добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү жабдуулар алынып келинет

 

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев менен Корея эл аралык кызматташуу агенттигинин (KOICA) президенти Янг Моктун 11-августтагы жолугушуусунда шайлоону таза өткөрүү максатында Түштүк Кореядан добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү жабдуулар алынып келинери маалым болду.

Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасы өлкөдө өткөрүлүп жаткан реформалардын колдоого алынышына муктаж экендигин айтып: “Учурда биз үчүн кызматташуу багыттарын аныктап жана биргелешкен долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууну баштоо зарыл. Биз кыска жана орто мөөнөттүү иш-чараларды пландаштырылган түрдө ишке ашыруубуз керек”,- деди.

Ошондой эле акыйкат жана ачык шайлоо өткөрүү үчүн автоматташтырылган шайлоо тутумунун жабдуусун берүү боюнча корей тараптын көмөк көрсөтүү мүмкүндүгүнө кеңири токтолду.

"Биздин коомчулук 2015-жылкы шайлоого карата өкмөттүн ачык-айкын шайлоо өткөрүү жаатындагы аракет-даярдыгын көңүл коюу менен көзөмөлдөөдө. Сиздердин өлкөнүн өзгөчө тажрыйбасын эске алуу менен биз добуштарды саноо жана маалыматты шайлоо участогунан борбордук серверге берүү үчүн эң алдынкы жана ишенимдүү технологияларды киргизүүбүз керек",- деди Оторбаев.

Өз кезегинде Ким Янг Мок корей тараптын тийиштүү жабдуу, анын катарында Кыргыз Республикасындагы демократиялык реформаларды колдоо иретинде добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөрдү берүү ниетин тастыктады. Ким Янг Мок ошондой эле Жоомарт Оторбаевге кызматташууну кеңейтүү максатында KOICA Кыргызстанда өз өкүлчүлүгүн ачууну пландаштырып жаткандыгын маалымдады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: