Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты
Аламүдүн районунун Байтик айыл аймагында Ауди 100 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Анын кесепетинен айдоочу каза таап, жүргүнчү оор жараат алган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 13-августта билдирди.
Аталган министрликтин маалыматына караганда, кырсык 12-август күнү саат 20:46 чамасында катталган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жабыркаган жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.