super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: “Быйыл кыш оор болот, ошондуктан газ менен көмүрдү көбүрөөк пайдалануу керек”

 

Бүгүн, 13-августта Өкмөт үйүндө селектордук отурум өтүүдө. КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин айтымында, иш-чарада 3 негизги маселе каралат. Алар: жалпы энергетика боюнча көйгөйлөр, айыл чарба маселелери жана биометриялык маалымат чогултуу маселеси.

“Былтыркы кыштан араң чыктык. Тилекке каршы, быйыл суу аз болду. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү абдан аз, тагыраак айтканда, 3,5 миллиард куб метр суу жетпей жатат. Ошондуктан электр энергияны колдонууну 30 пайызга азайтышыбыз керек”,- деди өкмөт башчы.

Мындан тышкары ал көмүр жана газды пайдалануу керек экендигин баса белгиледи. “Бул багытта өкмөт иш жүргүзүп жатат. Азыр ар бир айыл боюнча отун картасы даярдалып жатат”,- деп түшүндүрдү премьер-министр.

“Кыргызстандын түштүк аймагына Өзбекстандан газ келбей жатат. Ошондуктан электр трансформаторду жана газ баллондорду сатып алууга 261 миллион сом бөлүп, бардык тургундарды газ менен камсыздоо боюнча тапшырма бергенбиз”,- деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: