super.kg logo
  Саясат  

Хакерлер Дмитрий Медведевдин "Твиттердеги" баракчасын бузуп кирип, "отставкага кетем", "Крым биздики эмес" деген сыяктуу ар түрдүү саясий билдирүүлөрдү жазышууда

 

Бүгүн, 14-августта хакерлер Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин "Твиттердеги" баракчасын бузуп кирип, саясий билдирүүлөрдү жазышууда. Алардын арасында "Крым биздики эмес. "Твитти" бөлүшүп коюуңуздарды өтүнөм", "Отставкага кетем. Өкмөттүн аракеттери үчүн уялып жатам. Кечирип койгулачы" деген билдирүүлөр бар. 

Орусия өкмөтүнүн басма сөз кызматы ММКларга "Твиттердеги" Дмитрий Медведевдин билдирүүлөрүн хакерлер жазганын жана бул маселени чечүү жагы каралып жатканын маалымдашкан. Дмитрий Медведев Орусиядагы чиновниктердин ичинен интернеттеги социалдык тармактарда активдүү колдонуучу катары белгилүү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: