Баткенде Тажикстан мамлекети менен достукту чыңдоого багытталган фестиваль өтөт
Сентябрь айында Тажикстандын Согдий облусунун жаштарынын Баткен облусуна келери күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айсана Паизова
Маалыматка ылайык, август айынын башында Баткен жана Согдий облусунун 60ка чукул жаштары эки өлкөнүн достугун чыңдоо, мамилени жакшыртуу максатында Тажикстанда Достук фестивалын өткөрүштү. Алар байыркы медициналык музейге, «Баракат» кургатылган жемиш иштетүүчү ишканасына, «Шероз» кол өнөрчүлүк окуу борборуна жана Согдий облусунун Тарых музейине барып кайтышты.
Мындан тышкары эки өлкөнүн жаштары «Биз достукту издейбиз» темасында концерттик программасын жана тамашаларын сунушташты.
Аны менен катар футбол боюнча достук мелдештери өткөрүлдү. Эки күн ичинде жаштар делегациясы Кайрак-Кум, Худжанд, Чкаловск шаарларында болушуп, тарыхый эстеликтер менен таанышты. "Мындай иш-чаралар эки элдин достугун чыңдайт жана түшүнүшө билүү, толеранттуулук жана тынчтыкты бекемдөөгө шарт түзөт" деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:41
2025-07-04

10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
ulan030484

15.08.2014. 09:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чек араны бекемдегиле да анан таджиктер менен кунуно фестиваль откоро бергиле!
Evrazia.

15.08.2014. 10:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Урдум ушундай фестивалды.
admin_superstan

15.08.2014. 10:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayakosya, провокациядан алыс болуңуз!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.