Бүгүн биометрикалык жабдуулардын биринчи партиясы алынып келет
КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин төрагалыгы алдында 15-августта калктын бирдиктүү реестрин түзүү жана биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Т.Сарпашев биометрикалык маалыматтарды чогултууну баштоо үчүн жасалган аракеттер аяктап жатканын баса белгиледи. "Биометрикалык жабдуулардын 100 комплектен турган алгачкы партиясы 16-августта келет. 27-августтан тарта алдын ала маалымат чогултуу башталат. Алгач биометрикалык жабдуулар өлкөдөгү почта бөлүмдөрүнө, калкты каттоо борборлоруна орнотулат",- деди Сарпашев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

