Өзгөндө 3 миң сом пара алып жаткан жеринен паспорт-визалык тейлөөнүн кызматкери кармалды
Ош облустук ички иштер башкармалыгына Өзгөн районунун тургуну кайрылып, паспорт берүү бөлүмүндөгү коррупциялык схемалар жөнүндө айткан.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Текшерүү учурунда паспорт-визалык тейлөө кызматынын кызматкери милицияга кайрылган жарандан 3000 сом акча талап кылгандыгы аныкталган. Бул тууралуу 15-августта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга арыз жазган жаран бир нече айдан бери паспорт алуу үчүн паспорт-визалык тейлөө кызматына барган. Андан акча талап кылышканда укук коргоо органдарына кайрылганы белгилүү болгон.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 3 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.