Ысык-Көлдө балдар арасында кылмыштуулук көбөйүп жатканы айтылды
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева 15-августта Ысык-Көл облусунда жергиликтүү кеңештердин депутаттары,
жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аймактагы абал, алардын турмуш жайы
жаатында пикир алышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар тарабынан
калкты таза жана сугат суу менен камсыз кылуу, аймактагы инфраструктураны жакшыртуу, унаа жолдорду калыбына келтирүү маселелери козголду. Жергиликтүү тургундарды
айрыкча кышка карата даярдык маселеси кабатырлантары белгилүү болду.
Ошондой эле жаштардын арасында өзүн өзү өлтүрүү жосуну, кылмыштуулуктун күчөп жатканы тууралуу пикирлер айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.