super.kg logo

Күзүндө Бек Борбиевдин чыгармаларын аткаруучулардын арасында сынак өтөт

 

Бишкекте Бек Борбиевдин сахнадагы чыгармачылыгынын 25 жылдыгына карата эл ичинен чыккан таланттардын арасында сынак өтөт. Анда өлкө аймагынан тандалган аткаруучулар ырчы, обончу Бек Борбиевдин репертуарындагы ырларды аткарышат. Сынактын жалпы байге фонду 500 миң сомду түзүп, баш байгеге автоунаа коюлат. Бул тууралуу 18-августта SUPER.KG порталына иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Рысбек Жабиров билдирди.

Анын айтымында, "Делбирим" аталышында өтө турган сынакка катышуучуларды тандоо туру республиканын түштүк облустары боюнча Ош облусундагы Бабур театрында 3-сентябрда орун алат. Ал эми түндүк аймак боюнча 7-сентябрда борбор калаадагы Спорт Ордосунда өткөрүлөт. Алдынкы 10 катышуучунун таланты калыстардын сынынан тышкары жергиликтүү радиодо жана SUPER.KG порталында онлайн добуш берүүгө коюлат. 2014-жылдын 22-23-24-сентябрь күндөрү борбор калаада өтө турган концерттин жүрүшүндө жеңүүчүлөр сыйланат. Сынактын максаты - маданияттын ажырагыс бөлүгү, руханий байлыктардын бири болгон ырчылык өнөрдү өрчүтүү, жаңыдан чыгып келе жаткан жаш өнөрпоздорго колдоо көрсөтүү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
18.08.2014. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Радио аркылуу добуш бердирип акча тапса,катышуучулардын туугандары билет сатып алса.Жакщы эле акча болчудай экен.Шоу бизнес!
18.08.2014. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен катышмакмын,аттин алыстамында Бек байкенин ырларын ырдап калам
19.08.2014. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bek akenin yrlaryn men jaw 4agyman ele yrdap jurom.men da alystamyn bolboso katywmakmyn.mektepte kumirin kim dep ejeke suraganda Bek Borbiev dep joop bergem.
20.08.2014. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул сынакка аты элге таанылган ырчылар катышабы же комускодо ырдап жургондор катышы алабы,,?
04.09.2014. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mendaa katywam
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: