super.kg logo

Баш калаада "Бишкек – дүйнөлүк адабият борбору" аттуу акция өтөт

 

20-августта Бишкекте 80-бүткүл дүйнөлүк жазуучулардын конгресcинин алкагында «Бишкек – дүйнөлүк адабият борбору» аттуу 2-социалдык маданият акциясы өткөрүлөт. Иш-чара КРнын Улуттук китепканасынын жанындагы Алыкул Осмоновдун эстелигинин астында уюштурулуп, ага чыгармачыл инсандар, артисттер катышат. Алар иш-чаранын алкагында чыгармачылыгы менен бөлүшмөкчү.

Биринчи маданият акциясы 10-июлда Токтогул Сатылгановдун эстелигинин астында өткөрүлгөн.

«Бишкек – дүйнөлүк адабият борбору» долбоору - PEN-клубунун акциясы.

“Конгрессти уюштуруудагы максаттардын бири  жоголуп бараткан тилдерге көмөк көрсөтүү жана адабият котормочуларынын барктуулугун арттыруу. Бул көйгөй бардык жерде бар. Элдер эл аралык маданият жөнүндө айтышат, бирок басмаканаларда котормочулар жок болуп жатса, анда бул маанисиз. Ошондой эле бул иш-чарада бүткүл дүйнөдөгү эркин билдирүү жана жазуучулардын укугу тууралуу темалар талкууланат”,- деп белгилешет уюштуруучулар.

PEN – англис сөзүнүн аббревиатурасы, poet – акын, essayist – эссеист жана novelist – романист, ошондой эле "pen" сөзү "калем" дегенди түшүндүрөт. PEN-клуб 1921-жылы Лондондо түзүлгөн. Ошондон тартып конгресстер жыл сайын Европа, Азия жана Америкада өткөрүлүп келет. Клубдун максаты – бүткүл дүйнөдөгү жазуучуларга чыгармачылык колдоо көрсөтүү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: