Бишкектин Исанов-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болуп, кош бойлуу аял ооруканага жеткирилди









Бүгүн, 19-августта эртең менен Бишкек шаарынын Фрунзе-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. БМВ жана Хонда автоунааларынын катышуусундагы жол кырсыгынан бир кош бойлуу айым жабыркап, ооруканага жеткирилди. Жеңил жаракат алган БМВнын айдоочусунун айтымында, кырсыкка Хонданын айдоочусу себепкер болуптур. "Мен жол чырактын жашыл жарыгынан өтүп бара жаткам. Тиги айдоочу капталымдан келип сүздү. Аман калганыбызга сүйүнүп турабыз",- дейт айдоочу. Автокырсыктан көчө кесилишиндеги жол чырактардын бири кулап калды.
Автор: Автандил Добулбеков
Фото: Автандил Добулбеков
Учурда окуяны МАИ кызматкерлери иликтөөдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Коомдо болуп жаткан бардык жаңылыктарды бергенге аракет кылабыз.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.