Кыргыз Эл артисти Мелис Асылбашевдин үй-бүлөсүнө президент акчалай жардам көрсөттү
Мамлекет жетекчиси тарабынан КРнын Эл артисти Мелис Асылбашевдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү. Маалыматты президенттик аппарат кабарлады. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын "Ак марал" мамлекеттик бий ансамблинин башкы балетмейстери Мелис Асылбашев каза болгондугуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 100 000 сом бөлүндү.
Автор: Автандил Добулбеков
Эске салсак, М.Асылбашев 16-августта 67 жаш курагында дүйнө салган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

