Ырчы Курал Чокоев: "Чыгыш базары" Эл аралык фестивалы бир айга жылдырылды"



Ырчы Курал Чокоев сентябрь айынын аягында Ялта шаарында өткөрүлчү “Чыгыш базары” 9-Эл аралык фестивалына аттанат. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына бүгүн, 19-августта билдирди.
Аталган фестивалга Орусия, Казакстан, Беларусь, Азербайжан жана башка мамлекеттердин ырчылары катышат.
“Фестиваль август айында болмок. Бирок кандайдыр бир себептерге байланыштуу бир айга жылып калды. Сынакта өзүмдүн 3 ырымды аткарам”,- дейт Курал Чокоев.
Сынакта КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева калыстар тобунун мүчөсү болот.
Белгилей кетсек, Курал Чокоев 28-30-май күндөрү Уфа шаарында өткөн «Урал моңо-2014» Эл аралык музыкалык сынагында 1-орунду өңөрүп кайткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.