super.kg logo

Казакстанда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык бий топторунун балдары Бишкекке алынып келинет

 

Казакстандын Мангистау облусунда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык бий топторунун балдары Бишкекке алынып келинет. 

Бүгүн, 19-августта “Ала-Тоо” кыргыз этномаданият бирикмесинин төрагасы Курбанали Газибеков билдиргендей, жаракат алган 3 бала медициналык жардам алуу үчүн учак менен жөнөтүлүүгө муктаж. Казакстандык маалымат каражаттары маалымдагандай, керектүү каражаттар кыргызстандыктар тарабынан чогултулган. Бүгүнкү күндө Мангистау облусундагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, айдоочунун туугандары жана казакстандык Кызыл Ай коому кырсыкка кабылгандарга моралдык жана материалдык жардам көрсөтүүдө. 

Кырсык Жетыбай-Курык унаа жолунда орун алган. Газель кичи автобусунун айдоочусу уктап кеткендигине байланыштуу унаа жолдон чыгып кетип, ала салган. Жол кырсыгына 18 адам кабылган, алардын 15и балдар. Алардын экөөнүн буту, бирөөнүн омурткасы сынган. “Дея”, “Арууке” жана “Блютуз” бий коллективдеринин катышуучулары Мангистау облусуна Түркмөнстанда өткөрүлгөн “Достук” фестивалынан кайтып келатышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.08.2014. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тэз сакаяп кеттишсин
20.08.2014. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
"Казакстанда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык бий топторунун балдары Бишкекке алынып келинет" - анан таштап салышмак беле алып келишетт да
21.08.2014. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sakaiyp ketkile tezireek
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: