super.kg logo

Жылнаама, 20-август: Мындан бир жыл мурун БШК депутаттар Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиевди депутаттык мандатынан ажыраткан

 
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Борбордук шайлоо комиссиясы “ата журтчу” депутаттар Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиевди депутаттык мандатынан ажыраткан. Тиешелүү чечимди БШКнын 10 мүчөсү колдоп, 1 мүчөсү каршы добуш берген. БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов “Конституцияга ылайык, соттолгон адамдар депутат боло алышпайт” деп билдирген.
* Мындан 2 жыл мурун, 2012-жылы болжол менен түшкү саат 12:30да Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБине Сары-Жаз жайлоосундагы малчылардан маалымат түшкөн. Алар Караколдон 150 чакырымдай алыс жайгашкан “Эчкили-Таш” чек ара тозотунда кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер АК-74 автоматы менен келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан 4 жоокерди жана алардын биринин аялын атып өлтүрүп, качып кеткенин айтышкан. Ал эми үч чек арачыга малчылар жардам берип, бекитип калышкан. 
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы белгилүү журналист Болотбек Макетаев 53 жашында дүйнөдөн кайткан. Журналист бир топ убакыттан бери боор оорусунан жабыркап келген. Маркумдун сөөгү 22-август күнү туулган жери Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында жерге берилген.
* Мындан 34 жыл мурун, италиялык альпинист Райнхольд Месснер 1980-жылдын 20-август күнү биринчи жолу өзү жалгыз жана кислород маскасыз Эвересттин чокусуна чыккан. 
* Мындан 54 жыл мурун, 1960-жылы 19-августта космос тарыхында эң биринчи жолу ичинде тирүү жандыктары бар “Спутник-5” космостук кемесин СССР учурган. Жандыктардын чоңу Белка жана Стрелка аттуу иттер болгон. Алар бир күндөн кийин Жерге ийгиликтүү кайтарылган.
20-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.08.2014. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушуну деле жаза бергиле эми
20.08.2014. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кун жети баштуу ажыдаар душмандарын женген кун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: