super.kg logo
  Саясат  

Түп районунун тургундары "Кумтөр", "Жыргалаң", "Күрмөнтү" ишканаларынын тегерегиндеги чырларга нааразы

 

Жумушсуздуктан улам шарты катаал, жарым жылга чейин кыш болгон Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылынын жашоочулары көчүп кетип жаткандыктан, жергиликтүү тургундарды жер алдында иштеген шахтёр адистеринин азайып жатканы тынчсыздандырууда. Муну тургундар Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков жана Абдыманап Кутушев менен жолугушканда билдиришти.

Айтымдарында, Жыргалаң орто мектебинде былтыр 220 окуучу болсо, быйыл 160 гана окуучу катталды. Көмүр кенинде турган айыл мектебине ушул учурда керек болгон 130 тонна көмүрдүн бир тоннасы да түшө элек. Көмүрдүн 20 миллион тоннага чукул кору бар "Жыргалаң" шахтасы иштебей турат. 

Түп районунун тургундары менен жолугушканда Ысык-Көл аймагында "Кумтөр" алтын кени, "Жыргалаң" көмүр кени, "Күрмөнтү" цемент заводу сыяктуу үч ири ишкана болсо, азыр үчөөнүн тең башы чырга малынып турганы айтылды. Алар мындай чарбалык талаш-тартыштарды тезирээк чечип, ишканаларды ишке киргизүү зарылдыгын белгилешти.

Сапарынын кийинки бөлүгүндө депутаттар борбордук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге Түп – Кеген эл аралык жолунун курулушуна барып, кыргыз-казак чек арасы, бажы бекетинин абалы менен да таанышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: