super.kg logo

Дин боюнча адис: “Терроризмди күч менен жок кылууга мүмкүн эмес”

 

Бүгүн, 21-августта тренингдин жүрүшүндө дин боюнча адис, УКМКнын полковниги Марат Абдылдаев "Нобель" сыйлыгына ээ болгон америкалык Пол Куругмандын “Коммунизмди жана терроризмди толугу менен жок кылууга мүмкүн эмес. Бирок алардын деңгээлин төмөндөтүп койсо болот” деген сөзүнө таянып “терроризмди күч менен жок кылууга мүмкүн эмес” деп билдирди.

“Кыргызстанда бир топ экстремисттик жана террористтик уюмдарга тыюу салынган. Ошол эле учурда коңшу мамлекеттерде тыюу салынган уюмдарга биздин өлкөдө ишин жүргүзүүгө уруксат. Мисалы, Тажикстанда “Салафия” уюму, Өзбекстанда “Нуржулар”, “Акромия” уюмдары, бул өлкөлөрдө жана Казакстанда “Таблиги жамаат” уюмуна тыюу салынса, мындай чечим Кыргызстанда алына элек”,- деди адис.

Мындан тышкары ал Кыргызстанга коркунуч келтирген нерселер боюнча айтып: “Диндин негизинде болгон араздашуулардын көбөйүшү, деструктивдик диний кыймылдарынын өлкөдөгү бийликке тийгизген таасири, чет өлкөлүк диний кыймылдардын санынын өсүшү жана ислам дүйнөсүндө болгон окуялардын таасири Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч келтирет”,- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: