super.kg logo

Жаштарды аскерге чейинки даярдоочу жетекчилердин квалификациясын жогорулатууга багытталган жыйын талкуу менен коштолду (фоторепортаж)

 
Сабак таанышуу менен башталды.
Сабак таанышуу менен башталды.
КРнын Коргоо министрлигинин Медициналык тейлөө башкармалыгынын башкы адиси Асыпбаев Нурдин сабактын катышуучуларына айрым суроолорду узатып жатты.
Бир топ талкууну жараткан сабак 20 мүнөткө созулду.
Бир топ талкууну жараткан сабак 20 мүнөткө созулду.
Бир топ талкууну жараткан сабак 20 мүнөткө созулду.
Бир топ талкууну жараткан сабак 20 мүнөткө созулду.
Андан соң ок атуучу жайга жөнөдүк.
Ок атуу боюнча атайын сабактын жүрүшүнөн...
Ок атуу боюнча атайын сабактын жүрүшүнөн...
Ок атуу боюнча атайын сабактын жүрүшүнөн...
Ок атуу боюнча атайын сабактын жүрүшүнөн...
Ок атардан мурун аскерге чейинки даярдоочу жетекчилер бир катар суроолорду берип жатышты.
Атайын бирөө бутаны көрсөтүп, кантип туура атуу керектигин көрсөтүп жатты.
Атайын бирөө бутаны көрсөтүп, кантип туура атуу керектигин көрсөтүп жатты.
Ок атканга чейин туура жайгашуу маанилүү.
"Аскерге чейинки даярдоочу жетекчилер да ок атууда каталарды кетириши мүмкүн" деди көрсөтүп жаткан аскер кызматкери. Мисалы, бул жерде магазинди кармоодо автоматты оң колго кармоо керек эле.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен биргеликте жаштарды аскерге чейинки даярдоочу жетекчилердин квалификациясын жогорулатуу үчүн өткөрүлүп жаткан жыйындын жыйынтыктоочу бөлүгүн өткөрдү.

Анда алгач жетекчилер чакан көнүгүүлөрдү жасашты. Андан соң окуу бөлмөсүнө чогулган шаардагы мектептердин аскерге чейинки даярдоочу жетекчилерине КРнын Коргоо министрлигинин медициналык тейлөө башкармалыгынын башкы адиси Нурдин Асыпбаев 20 мүнөттүк сабак өттү. Анда жабыр тарткан кишиге биринчи жардамдын көрсөтүлүүсү, адам эсин жоготкон учурда кандай аракет көрүлүүсү керектиги жана аскерге чейинки даярдоочу жетекчилердин ишиндеги түйшүктөр тууралуу сөз болду. Бул учурда залда отургандар тема боюнча суроолорду берип, тиешелүү жоопторун алып жатышты. Ошол эле учурда бир топ талкуулар болду. “Бул жагдайларды башка бирөөлөргө үйрөткөндөн мурун, өзүбүз так билишибиз керек. Сиздердин алып барган иштериңиздер оңой эмес” деди Н.Асыпбаев.

Андан соң аскерге чейинки даярдоочу жетекчилер ок атуу боюнча атайын сабак алышты.

Кошумчалай кетсек, иш-чаранын башкы максаты жаштарга аскердик-кесиптик багыт берүү, мекенчилдикке чакыруу жана сабак өтүү ыкмаларын жакшыртууга багытталган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: