Кыргыз делегациясы Иранда өткөн ден соолукту чыңдоо туризми боюнча конференцияга катышты





18-20-август күндөрү Иран Ислам Республикасындагы Рамсар шаарында Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин катышуусунда ден соолукту чыңдоо туризми боюнча көргөзмө-конференция болуп өттү.
Ага Ирандагы Кыргызстандын элчиси А.Осмоналиев баш болгон кыргыз делегациясы катышты. Элчи КРнын ден соолукту чыңдоо туризми тармагындагы өзгөчөлүктөрүнө токтолду.
Конференцияда эл аралык туризм кошуна мамлекеттердин жашоочуларынын достугун бекемдээри жана соода-маданий мамилелердеги өнүгүүгө индикатор болуп берери айтылды. Бул тууралуу бүгүн ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:41
2025-07-04

10:20
2025-07-04
10:18
2025-07-04

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.