super.kg logo
  Саясат  

Чүйдө калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү, билим берүү маселелери талкууланды

 
Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаева бүгүн, 21-августта Чүй облусундагы жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Чүй жергесинде орун алган бир катар социалдык багыттагы көйгөйлөр айтылып, канализациялардын жана суу тазалоо жайларынын абалы талкууга алынды. Тургундардын айтымында, коммуникациялык жайлар көп жылдардан бери тынымсыз иштетилип келгендиктен, жедеп жабдуулардын эскилиги жетип, капиталдык ремонтту талап кылууда. 

Ал эми Панфилов районунун өкүлдөрү 10 миңге жакын тургунду таза суу менен камсыз кылуу маселеси ушул кезге чейин чечилбей келе жатканын айтышты. Андан сырткары калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү, билим берүү жана медицина кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатуу маселелерине токтолушту. Чүй облусунун көптөгөн медициналык мекемелеринде атайын адистер жетишпегендиктен, алар ордо калаанын дарыгерлерине кайрылууга аргасыз экени белгилүү болду. 

Жолугушуунун жыйынтыгында эл өкүлү А.Алтыбаева бир катар социалдык багыттагы көйгөйлөрдү парламентте көтөрүп, айрым маселелерди тиешелүү органдарга тапшыра турганын билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: