Жүздөгөн этникалык кыргыздар Кыргызстандын жарандыгын алышты
Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө" жарлыктарга кол койду. Алардын ичинен бир жарлык Кыргыз Республикасынын жарандыгына 595 адамды (562 чоң киши жана 33 бала) кабыл алуу жөнүндө, экинчи жарлык Кыргыз Республикасынын жарандыгына 21 адамды (19 чоң киши жана 2 бала) кабыл алуу жөнүндө. Жарандык алгандардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар, Өзбекстан жана Тажикстандын мурдагы жарандары экени айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
2

