super.kg logo

Индияда 8 жаштагы бала өзүнүн башынан чоң колуна операцияны наркозсуз жасатууну самаганын айтты

 

Индияда сейрек кездешүүчү генетикалык дарт менен төрөлгөн Кэлим аттуу бала көпчүлүктү таң калтырып келет. Анткени ал нормадан 2 эсе чоң колу менен жарыкка келген. Чет элдик ММКларда 21-августта жазылган маалыматтарга таянсак, учурда Кэлим 8 жашта, анын 12 килограмм салмактагы чоң колу дагы да өсүп, жергиликтүү дарыгерлерди бушайманга салууда.

Кэлим колунун эбегейсиз чоңдугунан жөнөкөй жумуштарды аткарууга алы келбейт. Жадакалса өзүнүн боосун да байлай албайт. Анын 27 жаштагы апасы Халема баласынын колунун абдан чоң экенин байкап келгени менен, жардам берүүгө чамасы жетчү эмес. Азыркы тапта баланын алаканынын өлчөмү 33 сантиметрди түзөт.

Бул дартынан көп учурда өспүрүмдөрдүн шылдыңына кабылган Кэлим: "Мен мектепке барбайм, анткени мугалим менин колумдан башка балдар коркуп жатышканын айтты. Алар мени сабайбыз дешти, кээ бири сабап да салышты. Мага өз алдынча кийинип-чечинүү оор. Көйнөгүмдүн топчусун топчулап, шымымды көтөрө албайм. Эгер операция жасашса, мен наркоздо болом да. Ошондуктан мен наркоз сайылбаган операцияны каалайм",- деген.

Айына 15 фут стерлинг (1500 сом) гана тапкан ата-эне баласына жардам берүүгө болгон аракетин жумшаган, бирок жыйынтык чыккан эмес. Жөнөкөй жумушчу кызматты аркалагандыктан, баласына жардам бере албаганына бушайман болгон 45 жаштагы атасы Шамин: “Биздин балабыздын колунун манжалары туура эмес бүгүлгөндүктөн, өз алдынча тамак иче албайт. Ошондуктан биз ага тамак беребиз. 2 манжасы менен кээ бир буюмдарды көтөрө алат, мисалы, суу куюлган стаканды. Биз балабызды ооруканага алып баралы дейбиз, бирок каражаттын жоктугунан бул тилегибиз ишке ашпай келет,- дейт.

Кэлимдин колун текшерген дарыгер баладагы дарт лимфангиома (энесинин курсагында жатканда пайда болгон залалсыз шишик) экенин, аны дарыласа болорун айткан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
22.08.2014. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын аябай тан калдым))))
22.08.2014. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
индияда мне балээ биринин мурду чонойуп кеткен,биринин колу дагы бироонун бир жери,,,,,
22.08.2014. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Байкуш бала десе, операциясы ийгиликтуу болуп, оз колу менен баардык ишти жасоого мумкунчулук алса экен. Боорум ооруп кетти
22.08.2014. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эх кудай журогум жаман ооруду,эч кимге мындай оору келбесин.
22.08.2014. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Индияда ара торолгон, майып балдар коп. Анткени элдин 80 пайызы ото жакыр жашашат. Жакыр жашашат, экология таза эмес, оз убагында дарыгерге корунуу мумкунчулугу жок. Ошондуктан ушундай майып балдар да коп торолот.
Эмне дейбиз, спонсорлор табылып, кайдыгер карабаган инсандар жардам берип айыгып кетсин.
22.08.2014. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым жардам берсе экен
22.08.2014. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озу шыпаасын берсин Индияда коп кездешет ошон учун коомубузга шугур кылып тооба кылайлы
23.08.2014. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай озу сактасын,мындайды биринчи корушум.Алла берген 6 саныбыз амандыгына шугур кылалы.
23.08.2014. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундайларды окуганымда журогум ооруйт...... бейиштей болгон кыргызстанда торолуп ,осконумо алла таалама мин эсе ыраазы болом!
27.08.2014. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Сезимге кошулам. Аллахым шыпаасын берсин бул балага, Аминь!!!
17.10.2014. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudai saktasyn,be4ara balaga boorum orudu,ba9gy jasmin 3em4ek jasatky4a ak4asyn uwundailarga jardam katary berse jakwy bolmok
12.11.2014. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах шыпаасын берип айыгып кетсин,аябай бооруп ооруп кетти.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: