super.kg logo

Кыргыз Эл артисти, скрипач Мунарбек Атагелдиев 65 жаш курагында дүйнө салды

 

Кыргыз Эл артисти, скрипач Мунарбек Атагелдиев 65 жаш курагында 20-августта дүйнө салды. Өмүр бою А.Жумакматов атындагы симфониялык оркестринде эмгек өтөгөн инсандын сөөгү бүгүн, 22-августта “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Искусство өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришти.

Мунарбек Атагелдиев 1949-жылы 7-сентябрда Фрунзе шаарында туулган. Көптөгөн жылдар бою А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында иштеген. Ошондой эле А.Жумакматов атындагы симфониялык академиялык оркестри менен Орусия, Түркия, Франция, Казакстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттерди кыдырып өнөрүн тартуулаган. Оркестрге көптөгөн жаш таланттарды таптап чыгарган. Музыка искусствосуна чоң салым кошкон М.Атагелдиевге 1990-жылы Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, 1993-жылы КРнын Эл артисти наамы ыйгарылган.  

М.Атагелдиев музыкалык үй-бүлөдө туулган. Ал эки баланы тарбиялап өстүргөн. Уулу Эмил Атагелдиев -виртуоз пианист, көптөгөн эл аралык сынактардын лауреаты.

Анын аткаруусунда чет элдик жана кыргыз композиторлорунун чыгармалары грампластинкага жазылган, алар Кыргыз радиосунун Алтын фондунда сакталуу. Эң башкысы, М.Атагелдиев кыргыз скрипка мектебин түптөөчүлөрдүн бири болуп саналат.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыздын атактуу уулу Мунарбек Атагелдиевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.08.2014. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык пендесинин башында бир ушундай кун бар.Жаткан жериниз жайлуу болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: