super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик каттоо кызматы: "Биометрикалык маалыматты 2045 адис чогултат"

 

Биометрикалык маалыматты чогултууга 2045 адис, анын ичинде 307 оператор жана 907 алардын жардамчылары керек болот. Улуттук кампаниянын ишине Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан 243 кызматкер тартылат. 

Ошондой эле күндүзгү жалпы билим берүүчү мекемелерден 1000, кесиптик-техникалык агенттиктерден 500 кызматкер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан 100дөй адам иш алып барат. 

Мындан сырткары биометрикалык маалыматтарды чогултууда кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу, жабдууларды кайтарууга ИИМ тарабынан тартыла турган күчтөрдүн тизмеси түзүлүүдө. 

Жалпысынан 722 мобилдүү жана 185 стационардык топту түзүү пландалууда. Биометрикалык маалыматтарды (жарандын 10 манжасынын изи, санариптик сүрөтү, колу) чогултуу 27-августта башталат. Бул тууралуу 22-августта Мамлекеттик каттоо кызматынын коом менен байланышуу бөлүмү билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: