Каныбек Осмоналиев, депутат: "Алымбек датканын эрдиги азыр да өз маанисин жоготкон жок"
Алайда 21-августта Алымбек датканын айкелинин ачылышы болду. Ага Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана башкалар катышты. Анда сөз сүйлөгөн депутат Каныбек Осмоналиев: "Алымбек датканын элине сиңирген эмгеги эч качан унутулбайт. Анын журт башына кыйынчылык түшүп турган чакта көрсөткөн эрдиги, кажыбас кайраты азыр да өз маанисин жоготкон жок. Ал ар дайым жаштарга өрнөк болоруна ишенем",- деди.
Автор: Автандил Добулбеков
Осмоналиев Өзгөн тарыхый-маданий жана архитектуралык-археологиялык комплексине барып, маданий борбордун адистери менен бирге андагы X-XII кылымдар аралыгында курулган мунара жана күмбөздөр топтомунун азыркы абалы менен таанышты. Орто кылымга таандык бул тарыхый эстеликтер өлкөнүн жүзү болуп саналарын белгилөө менен, аны сактоо жана коргоо жаатында жакындан жардам кылууга сөз берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

