super.kg logo

"Курманжан датка" тасмасынын Монреалда жана Орусияда өткөн кинофестивалдардагы премьерасы ийгиликтүү болду

 
"Курманжан датка" тасмасы ишемби күнү Монреалдагы бүткүл дүйнөлүк кинофестивалда жана Орусиянын Якутск шаарында өткөн кинофестивалда көрсөтүлдү. 
Тасма көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынып, көрүүчүлөрдүн дүркүрөгөн кол чабуулары менен коштолду. Бул тууралуу 23-августта SUPER.KG порталына тасманын продюсери Фархад Бекмамбетов билдирди. 
"Монреаль кинофестивалындагы дүйнөлүк премьерасына улай "Курманжан датка" бүгүн Эл аралык Якутск кинофестивалында да көрсөтүлдү. Премьерасы аябай жакшы өттү. Бул жакта эмгектенип жүрүшкөн жердештер келип көрүп кетишти. Кубанычтары койнуна батпаган мекендештерибиз ыраазычылыктарын айтышты. Бир чети көздөрүнө жаш алышканын айтып, ушундай киносу бар кыргыз болуп төрөлгөнүбүзгө сыймыктанабыз деп кетишти",- деди Фархад Бекмамбетов. 
Орусияда көрсөтүлгөндөн кийин Ходжакули Нарлиев баштаган калыстар тобунун, Орусия киносунун жетекчилеринин, режиссёрлордун, продюсерлердин, фестивалга ар жактан келген бир топ кино сынчылардын кол чабуусу кино жаратуучуларга кошумча дем болору бышык.
Монреалдагы фестивалда да тасма көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынганы тууралуу режиссёр Садык Шер-Нияз: "Көрүүчүлөр ордунан туруп кол чабышты. Зал толо болду. Тасманы көргөнү кыргыздар да келишти, Америкадан да келишти. Чоң-чоң гезиттер жазып чыгышты",- деп билдирди. "Курманжан датка" тасмасы тууралуу макаланын Монреалдагы көрүнүктүү гезитке жарыяланышы сыймыктанууну жаратпай койбойт. Монреаль кинофестивалы 21-августтан 1-сентябрга чейин Канадада өтөт. 

Белгилей кетсек, 3 жылдык эмгекти талап кылган бул тарыхый тасма 2 сааттан ашык убакытка созулат. Режиссёру - Садык Шер-Нияз. Башкы ролдордо: Назира Мамбетова жана Элина Абай кызы. Кыргызстанда тасманын бет ачары 31-августта болот.


кошулду





"Курманжан датка" тасмасынын расмий трейлери

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 18 
Комментарийлер(54)
Медиа-портал
24.07.2014. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсыңыр! Сапаты, көркөмдүгү жагынан жакшыдай көрүнөт. Күтөбүз фильмди.
Медиа-портал
24.07.2014. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чыдамсыздык менен кутобуз.
Медиа-портал
24.07.2014. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emnesi bolso da, kino chon ekranga chykkanda azyrky betteri choyulup kalgan formatyn tuzdop chygaryshsa ele boldu.
Медиа-портал
24.07.2014. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
ушндай кинону кутуп журдук эле,мункуроп турган чакта духубуз которулуп калат экен эн сонун,мактана тургандай кино тартышты,тарыхый кино мына биз да билебиз кино тартышты азаматсынар,анан жанагы эптемей кино тартып аткандардын колдорун чаап салыш керек уят кылып атышат
Медиа-портал
02.09.2014. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура айтасыз созунузго толугу менен кошулам
Медиа-портал
25.07.2014. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushul filmdi Kyrgyzstanga baryp gana korbosombu!
Медиа-портал
25.07.2014. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Качан кыргыз тошокто жатып олчу еле алга кыргыз
Медиа-портал
25.07.2014. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
класс класс
Медиа-портал
25.07.2014. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dikei, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек.
Билдирүүңүз өчүрүлдү.
Медиа-портал
25.07.2014. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыймыктана турган кино болуптур чон фестивалдарга да катышса болгудай
Медиа-портал
25.07.2014. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ka4an koyulat filim?
Медиа-портал
29.07.2014. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
burulu, 31-августта Эгемендуулук кунундо коюлат.
Медиа-портал
25.07.2014. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен билем сен да билесин эми кудай буйурса дуйно жузу да билет
Медиа-портал
30.07.2014. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз качан тошокто жатып олчу эле, Алга Кыргызым!
Медиа-портал
01.08.2014. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алайдын кызы Курманжан датка алга кыргызым!!
Медиа-портал
14.08.2014. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы тартылган тарых иизин калтырып
Медиа-портал
14.08.2014. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун кино болуптур.супер
Медиа-портал
14.08.2014. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер инфо колдонучулар менен жеке майектеше турчу болуму барбы? Болсо айтып койунуздарчы рахмат
Медиа-портал
21.08.2014. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ganibal87, Саламатсызбы!
Маектешүү бөлүмү бар: http://www.super.kg/maek
Ошондой эле "Суперстан" бөлүмү:
http://www.super.kg/superstan/
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: