Бишкекте 26 жаштагы жаран көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынан кулап, аман калды
Бишкекте 26 жаштагы жаран көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынан кулап, аман калды. Бул тууралуу Бишкек шаардык куткаруу кызматынан бүгүн, 25-августта билдирди.
Маалыматка караганда, 24-август күнү түшкө маал Алма-Ата көчөсүндө жайгашкан №6-үйдүн 8-кабатынан 2-кабатка 1988-жылы туулган Дмитрий Гусенко кулап түшкөн. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жабыркаган жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Учурда анын эмне себептен 8-кабаттан кулап түшкөнү такталууда. Жабырлануучунун колу-буту сынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Тамашаа антсе, ажалы жетпептир да, болбосо 3-кабаттан кулап деле олуп калып жатышпайбы