super.kg logo
  Саясат  

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин мурунку директору Мурат Саралиновдун 2013-жылдагы маянасы 248 503 сомду түзгөн

 

КРнын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин мурунку директору Мурат Саралиновдун 2013-жылдагы маянасы 248 503 сомду түзгөн. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик кадр кызматы жарыялаган декларацияда көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, М.Саралинов айлык акыдан тышкары өткөн жылы дивиденд түрүндө 65 362 300 сом тапкан. Ал 79 чарчы метр батирге жана 250 чарчы метр келген коттеджге, 2010-жылы чыккан Ренж Ровер автоунаасына ээлик кылат.

Анын жакын туугандарынын 268,3 чарчы метр аянттагы батири, 19,5 чарчы метр келген гаражы жана дачасы бар. Ага кошумча Лексус RX350 жана Лексус GX460 автоунаалары көрсөтүлгөн.

Кошумчалай кетсек, М.Саралинов аталган агенттикте директор катары 2013-жылдын 26-апрелинен 2014-жылдын 18-мартына чейин эмгектенген. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: