super.kg logo

"Өзбекстан бизге газ бербей жатса, жеке ишкерлердин Кыргызстандын көмүрүн Өзбекстанга тонналап ташыганы болбойт" деди Ош облусунун башчысы

 

Бүгүн, 25-августта өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө кышка карата көмүргө болгон бааларды бирдей баада кармоо максатында облустук жыйын болуп өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Ага өкмөтүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, КРнын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчысы Болсунбек Казаков, Ош облусундагы көмүр кендеринин жетекчилери, район акимдеринин орун басарлары катышышты.

Анда кышка карата көмүрлөрдүн баасын бир баада кармоо багытында талкуу болуп, Сооронбай Жээнбеков көмүр кендеринин жетекчилерине көмүрдүн баасын Монополияга каршы агенттик койгон баадан жогорулатпоо сунушун айтты.

Келе жаткан кыштын оор болушу күтүлүүдө, быйыл суу да жакшы болбой калды. Өзбекстан өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп газ да бербей койду. Бирок кээ бир адамдардын мындан пайда көрүп калайын деген максаттары да жок эмес. Ошондуктан көмүр кендердеги көмүргө болгон бааларды бирдей баада кармап турушубуз керек. Көмүр кендерин каалагандай иштеттиңер, бирөөңөргө асылып же кысым көрсөтүлгөн жок. Эл отун-суудан кыйналып турган учурда патриоттук сезим менен жардам беришиңер керек”,- деди облус башчы өз сөзүндө.

Ошону менен катар Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга көмүр ташып жаткан ишкерлерге нааразычылыгын билдирди.

Өзбекстан жок шылтоолорду айтып газ бербей жатса, жеке ишкерлер Кыргызстандын көмүрүн Өзбекстанга тонналап ташып жатышат. Силерге акча эле болсо болдубу? Намыс деген нерсе ар бир атуулда болуш керек да. Мамлекеттин кен байлыгын иштетип жаткандан кийин мамлекетке да күйүмдүү болушту билиш керек”,- деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, Ош облусунда 27 көмүр кенине мамлекет тарабынан лицензия берилген, азыркы тапта анын 17си иштейт. Ал эми КРнын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги тарабынан көмүр казуучу кендерде көмүрдүн сапатына карап, 1 тонна көмүргө 500 сомдон тартып 3500 сомго чейинки бааларды бекитип берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.08.2014. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизге жыйынар же ширин созунор керек эмес.Иш жузундо далилдегиле.Патриот экенинерди.Буга окшогон патриоттук создорду уга берип жыйындарды коро берип конул калды ырасында!
25.08.2014. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн чон байлыгы адамдарын урмат кылбаган, алтын муунун сыртка чыгарып жиберип,олко ичинде оз билгенин кылган саясатчыларда,элдин байлыгын оз мулкундой саткандарда намыс деген бар беле!
25.08.2014. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы создорду айтыптыр.. Бирок тиги ишкерлерде патриоттук сезим бар экенине ишенуу кыйын.. Окмот ишкерлердин козун карабай чек арадан комурду бензинди откорбой коюшу керек.!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: