super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Кыргызстан менен ЮНЕСКОнун кызматташтыгы талкууланды

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Карганбек Самаков бүгүн, 26-августта ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага ЮНЕСКОнун башкы директору Бокованы Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгы - Даңк медалынын ыйгарылышы менен куттуктады.

Төрага кыргыз элинин бай маданий мурастарын аздектеп сактоо, ар тараптан иликтөө жана жайылтуу буга чейин да болуп келгендигин жана мамлекеттик саясаттын артыкчылык берилген багыттарынын бири болуп кала берерин айтты. Андан сырткары маданий мурастардын объектилерин сактоо мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө көмөктөш болорун белгиледи.

Ирина Бокова Кыргызстан жетекчилиги тарабынан ЮНЕСКОнун иштери жогору баалангандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. “Кыргызстандын парламенти маданий жана тарыхый мурастарды сактоого кызыкдар болуп, ЮНЕСКО менен кызматташууну өнүктүрүүгө жигердүү тартылып жатканы кубандырат. Адамзаттын маданий мурастарын сактоо маселесинде парламент маанилүү ролду ойнойт”,- дейт Бокова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: