super.kg logo

Ош. 2015-жылдын январь айынан баштап өспүрүмдөр менен иштеген кошумча 40 инспектор жумушка тартылат

 

Ошто 2015-жылдын январь айынан баштап өспүрүмдөр менен иштеген кошумча 40 инспектор жумушка тартылат. Мындай билдирүү 26-августта өткөн Ош шаардык август кеңешмесинде маалым болду.

Анда калаа башчы Айтмамат Кадырбаев 7 айда Ош шаарында өспүрүмдөрдүн катышуусунда 55 кылмыш иши катталганын, учурда 135 окуучу Ички иштер башкармалыгынын каттоосунда тургандыгын айтты.

Ошону менен катар өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук жыл сайын өсүп жаткандыгына токтолуп, калаада инспекторлордун саны жетишсиз, 2015-жылдын январь айынан баштап өспүрүмдөрдү тескеген кошумча 40 инспектор жумушка тартыларын айтып: "Балдардын жүрүм-туруму, тарбиясы бир гана мектептин жоопкерчилигинде эмес, ата-энелердин да милдети",- деди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: