super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан жана Тажикстан айланма унаа жолдорунун курулушун бир убакытта жүргүзүүнү макулдашышты

 
Бишкекте Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта КРнын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, кыргыз тараптын делегациясын КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев, тажик делегациясын Тажик Республикасынын Вице-премьер-министри Муродали Алимардон жетектешти. 
Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык – Кишемиш (Тажикстандын Точикон айылын айланып өтүүчү) унаа жолунун, Исфара – Ворух (КРнын Ак-Сай айылын айланып өтүүчү) унаа жолунун жана 2014-жылдын 31-мартында бекитилген эки көпүрөнүн курулушун бир убакытта жүргүзүүнү макулдашышты. Муну менен алар унаа жолдорду курууга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүнү туура деп табышты.
Мындан тышкары иш-чарада 25-августта Баткен облусунун Лейлек районунун Эски-Оочу аймагында орун алган окуя талкууга алынды. Тараптар 2014-жылдан тарта кыргыз-тажик чек арада болгон окуяларды тергөө үчүн биргелешкен комиссия (тергөө-ыкчам тобу) түзүүнү макулдашышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тиешелүү протоколго кол коюшту. Ал эми кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөрү сүйлөшүлдү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: