super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт үйүндө биометрикалык жабдыктардын бет ачар иш-чарасы болду (фоторепортаж)

 
Жарандардын маалыматтарын чогултуу сентябрда башталат.
Бул систем шайлоодо “бир жаран - бир добуш” системин камсыз кылуу максатында киргизилүүдө. Өнөктүк келерки жылдын августуна чейин уланат.
Стационардык жана мобилдик борборлорго 16 жаштан өткөн жарандар паспорту менен келиши керек.

Бүгүн, 27-августта Өкмөт үйүндө биометрикалык жабдыктар коомчулукка көрсөтүлдү. Анда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымынын орун басары Эльдияр Убалиев: “Биз ушул эң чоң иш-чараны ишке ашыруу алдында турабыз. Президенттин сентябрга чейин бул ишти баштоо боюнча талабы коюлган болчу. Буюрса, жабдыктар ишке даяр. Эртеңден баштап биометрикалык маалыматты бийлик башчылары тапшырышат”,- деди.   

Биометрикалык каттоодон бир жаран 10 мүнөттүн ичинде өтө алат. Маалым болгондой, биометрикалык жабдыктардын 10 пайызы Кыргызстанга алынып келинди. 20 пайызы ушул айдын аягына чейин алынып келиши керек болсо, 70 пайызы сентябрь айынын аягында келет.

Айта кетсек, КРнын Өкмөтү паспортту каалаган жарандарга 2015-жылдын июль айынан тарта таратып бере баштайт. Биометрикалык белгилерди бардык 16 жашка толгон кыргызстандыктар милдеттүү түрдө тапшырууга тийиш. Биометрикалык каттоо 2015-жылы боло турган парламенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүнү камсыздоого багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: