super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн парламенттеги фракция лидерлери жана депутаттар биометрикалык маалыматтарын тапшырышты (фоторепортаж)

 
"Республика" фракциясынын лидери Максат Сабиров биометрикалык маалыматын алгачкылардан болуп тапшырды.
"Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов паспорту жок келиптир.
Жылдызкан Жолдошова да паспорту жок келип, бир топ убакыттан соң жардамчылары алып келип беришти.
Оператор кыздардын жардамы менен кол издерин түшүрдү.
Жолдошованын бармак издери анык түшпөй бир топко убара тартты.
Өмүрбек Текебаев: "Биометрикалык маалыматтар деп сүрөттү, манжалардын тактарын, көздүн сызыктарын, электрондук кол тамганы түшүнөм жана мунун баары биригип келип электрондук өкмөттү жайылтууга көмөкчү болот".
Депутат Бөдөш Мамырова биометрикалык маалыматын кезекте туруп тапшырды.

Бүгүн, 28-августта Жогорку Кеңештин имаратында парламенттеги фракция лидерлери биометрикалык маалыматтарын тапшырышты. Маалымат тапшырууга “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Ата Журт” фракциясынын лидери Жылдыз Жолдошова, “Ар-намыс” фракциясынан Феликс Кулов, “Республикадан” Максат Сабиров катышты. Андан сырткары парламенттеги беш фракциянын айрым депутаттары келишти. Төрага Асылбек Жээнбеков менен КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков келген жок.

Айта кетсек, КРнын Өкмөтү паспортту каалаган жарандарга 2015-жылдын июль айынан тарта таратып бере баштайт. Биометрикалык белгилерди бардык 16 жашка толгон кыргызстандыктар милдеттүү түрдө тапшырууга тийиш. Биометрикалык каттоо 2015-жылы боло турган парламенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүнү камсыздоого багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: