Калктын биометрикалык маалыматтарын каттоо тартиби бекитилди
Кечээ, 27-августта өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев КРнын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын каттоо тартибин бекитүү боюнча тийиштүү токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдирди.
Кол коюлган токтомго ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматына биометрикалык маалыматтарды каттоону 2014-жылдын 28-августунан баштап 2015-жылдын 31-августуна чейин уюштуруу жана жүргүзүү тапшырылды.
Ошондой жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалыматтарды чогултууда Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргелешип иштөө тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

