super.kg logo
  Саясат  

Түркия. Эрдогандын ордуна премьер-министр болуп Ахмет Давутоглу дайындалды

 

Бүгүн, 28-августта Түркиянын премьер-министрлик кызматына өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу (сүрөттө) дайындалды. Маалыматка таянсак, Давутоглунун талапкерлиги кечээ "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясынын курултайында көрсөтүлүп, партия жактырды. Ал эми мурдагы премьер-министр Режеп Тайип Эрдогандын президенттик кызматка киришүү инаугурациясы өтүп жатат. Ал 10-августта жалпы шайлоочулардын 52 пайыз добушун алуу менен президент болуп шайланган болчу. Инаугурациядан соң анын ыйгарым укугу күчүнө кирет.

Айта кетсек, Түркиянын тарыхында биринчи ирет президент эл тарабынан шайланды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: