super.kg logo

Жылнаама, 29-август: Мындан 56 жыл мурун поп-музыканын падышасы Майкл Жексон туулган

 
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы экс-акыйкатчы Турсунбек Акун Жогорку Кеңешти “акыйкатчылыкка талапкерлерге жарыялаган сынагы мыйзамга туура келбейт” деп Бишкек шаарындагы райондор аралык сотко берген. 
* Мындан 99 жыл мурун, 1915-жылы швециялык жана америкалык актриса Ингрид Бергмен Швециянын Стокгольм шаарында туулган. Актриса "Женщина по имени Голда", "Осенняя соната", "Убийство в "Восточном экспрессе", "Цветок кактуса", "Жанна д'Арк", "Газовый свет" ж.б. фильмдерге тартылып, үч жолу "Оскар", үч жолу "Давид ди Донателло", төрт ирет "Алтын глобус", эки жолу "Эмми" сыйлыктарына ээ болгон. 1973-жылдары актриса оор дартка кабылып, 9 жыл аны менен күрөшкөн соң, 1982-жылы өзүнүн туулган күнүндө, 29-августта 67 жаш курагында көз жумган.
* Мындан 56 жыл мурун, 1958-жылы америкалык ырчы, бийчи жана композитор, поп-музыканын падышасы Майкл Жексон Гэри (Индиана штаты, АКШ) шаарында туулган. Поп-музыканын тарыхында эң ийгиликтүү ырчылардын сап башында турган Майкл Жексонду "поп-музыканын падышасы" деп аташкан. Ал 15 "Грэмми" жана башка жүздөгөн сыйлыктардын ээси болгон жана "Гиннесстин рекорддор китебине" 25 жолу кирген. Мисалы, 1985-жылы ырчынын "Thriller" деген альбому жарык көргөн. Ошол альбому 104 миллион диск менен чыгып, дүйнө жүзү боюнча эң көп нускалуу альбом катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Майкл Жексон 2009-жылы 25-июнда 50 жаш курагында Лос-Анжелестеги үйүндө каза болгон. Поп-жылдыз ооруну сездирбөөчү дарыны ашыкча ичип алганы белгилүү болгон.
29-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: