super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: “Коомчулукта жергиликтүү жогорку окуу жайлар берген билимдин сапаты боюнча терс ой-пикир калыптанган”

 

Президент Алмазбек Атамбаев коомчулукта жергиликтүү жогорку окуу жайлар берген билимдин сапаты боюнча терс ой-пикир калыптангандыгын жана жарандар билим берүү тармагында эч кандай жыйынтык көрбөй жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу президент кечээ, 28-августта вице-премьер Эльвира Сариева, билим берүү жана илим министри Канат Садыков жана билим берүү маселелери боюнча коомдук эксперттик кеңештин мүчөлөрү менен болгон жолугушууда айтты.  

Ошондой эле жолугушууда өлкөнүн жогорку окуу жайлар тармагын жакшыртуу концепциясын ишке ашыруу боюнча Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, окуу жайлардагы коррупцияны жоюп, атаандашуу жөндөмүн арттыруу боюнча өкмөт реалдуу жана натыйжалуу кадамдарды жасоо керектигин баса белгиледи.

Сезилерлик жыйынтыкка жетишүү, сан жагынан эмгек рыногунун талабына туура келген бүтүрүүчүлөрдүн билимин жогорулатуу максатында концепцияны ишке ашырууну тездетүү зарыл”,- деп милдеттендирди Атамбаев.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: