super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхимди кабыл алды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 28-августта Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхимди кабыл алды. 

Жолугушууда өкмөт башчы бүгүнкү күндө эки тараптын өзгөчө көңүл буруусуна муктаж болгон чек ара маселеси актуалдуу бойдон калганын айтты. Чектеш райондордогу абалды турукташтырууда жалпы чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча иштерди аягына дейре чыгаруу керектигин белгилеп өттү.

"Эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта биздин өлкөлөр ортосунда саясий көйгөйлөр жок, коңшулук мамилелер жакшы өнүгүүдө, аларды тереңдетүү керек. Соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү үчүн КР Өкмөтү кыска мөөнөт ичинде Ош-Исфана жолунун курулушун жыйынтыктоо үчүн колдон келген аракетин жасоодо",-деди Жоомарт Оторбаев.

Ошондой эле Жоомарт Оторбаев чек ара маселесин чечүү менен катар келечекте эки мамлекет ортосундагы соода-экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү зарылдыгын билдирди.

Өз кезегинде Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхим байланыштарды тереңдетүү, анын ичинде маданий-гуманитардык жааттагы байланышты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи жана өлкөлөр ортосундагы кызматташуу келечекте өнүгүүгө багыт аларына ишеним билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: