super.kg logo

Бишкекте япониялык ырчы Мита Рё Эгемендүүлүк күнүндө чыгармачылыгын тартуулайт

 

31-августта Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнүн урматына уюштурулган салтанатта япониялык ырчы Мита Рё да обон созот. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-августта маалымат жыйынында билдирди.

Кыргызстанга үчүнчү жолу келип жаткан ырчынын энка жанрындагы “Эркиндикти сүйгөн саякатчы” аттуу ыры Эгемендүүлүк күнү "Ала-Тоо" аянтында жаңырган. Жан дүйнөгө жеткен мукам үнү, сүйкүмдүү жүзү, ак ниеттүүлүгү менен ошондо кыргызстандыктардын жүрөгүн багындырган.

Ырды Япониядагы белгилүү композитор Гэн Тэцуя жаратып, эки элдин достугуна арнаган. Чыгарма япониялык саякатчынын жашоосунда жолуктурган кыргыз кызына болгон сүйүүсүн, эки ажырымга түшкөндөгү жүрөк оорусун баяндайт. Ыр Кыргызстан менен Япония элинин эки тараптуу достугунун символу болуп саналат.

Бүгүн ал журналисттерге Кыргызстандын ажайып кооз табиятына, айрыкча Ысык-Көлдүн суусуна, Ала-Арча жаратылыш багынын таза абасына суктанарын айтып өттү.

Кыргыз эстрада жылдыздарынын арасынан Актан Исабаев менен жакындан таанышып, анын акыркы альбомун угууга жетишкен. Чыгармалардын арасынан Атай Огомбаевдин “Эсимде” аттуу ырын жактырып калган. Ал эми Рыспай Абдыкадыровдун “Жолугарым билгенмин” ырын учурда үйрөнүп жаткан ал андагы билген саптарын аткарып, обон созуп берди. Улуттук аспап болгон комузда кол ойнотуп көргөн ырчы жакында сатып аларын белгиледи.

“Мен кыргыз жерине үчүнчү жолу келип жатам. Учактан түшкөндө Япониянын бир жеринде эле жүргөндөй сезиле берет. Анткени япон эли менен кыргыз эли түспөлдөш болуп кетет. Кыргыздар меймандос, жөнөкөй, жан дүйнөсүн дароо ачпаган калк экен”,- дейт ырчы Мита Рё.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: