super.kg logo
  Саясат  

Украинанын президенти Пётр Порошенко президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 
Украинанын президенти Пётр Порошенко КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. 
Куттуктоонун тексти: 
“Урматтуу Алмазбек Шаршенович! 
Украина элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду кабыл алыңыз. 
Өлкөлөрүбүздүн ортосунда түзүлгөн достук мамилелер Украина менен Кыргызстан жарандарынын жыргалчылыгы үчүн ырааттуу өнүгө берерине ишенем.
Жагдайдан пайдаланып, Сизге, урматтуу Алмазбек Шаршенович, түгөнбөс күч-кубат жана жооптуу ишиңизде жаңы ийгиликтерди, ал эми достошкон кыргыз элине жакшылыктарды жана бакубатчылык каалайм”.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: