super.kg logo
  Саясат  

Төрага Асылбек Жээнбеков элди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 

ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Куттуктоонун тексти:

“Кымбаттуу мекендештер!

Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктайм! Кыргыз Республикасы дүйнө коомчулугу тарабынан эгемендүү мамлекет катары таанылган. Элибиздин эркиндиги жана өлкөбүздүн көз карандысыздыгы – эң башкы дөөлөтүбүз. Ата-бабаларыбыз азаттыкты орнотуу үчүн эчендеген кылым бою тайгак кечүү, тар жолду басып өтүштү. Ар бирибиз көз карандысыздыкты, эгемендүүлүктү көздүн карегиндей сактоого, Кыргызстаныбызды өнүктүрүүгө салым кошушубуз абзел. Ошондой эле мамлекеттүүлүктү бекемдөө – жалпыбыздын ыйык милдет.

Бүгүнкү күндө жаңылануу мезгилин баштан кечирип жатабыз. Мындай жараяндын түпкү максаты элдин биримдигин сактоо, мыйзамды сыйлаган адилеттүү коом, калкы байгерчиликте жашаган, пайдубалы бекем мамлекетти курууга багытталган. Кудай буюрса, биргеликте күчтүү, гүлдөгөн Кыргызстанды курабыз. 

Дагы бир жолу Көз карандысыздык күнүңүздөр менен куттуктайм! Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт жана ийгилик каалайм!”






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: