Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 70 миллион сомго тартылган “Курманжан датка” тасмасынын бет ачары болду


























Бүгүн, 31-августта Бишкекте “Курманжан датка” тарыхый тасмасынын бет ачары болду. Аземге КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият жана искусство өкүлдөрү, тасманын жаратуучулары, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Үч жылдык эмгекти талап кылган бул тарыхый тасма 2 сааттан ашык убакытка созулду. Анын бюджети 70 миллион сомду түзгөн. Режиссёру - Садык Шер-Нияз. Курманжан датканын ролун Назира Мамбетова жана Элина Абай кызы, Алымбек датканын образын актёр Азиз Мурадиллаев ачып берди.
"Кыргыз элинин келечеги үчүн өмүрүн арнаган инсандын образын элге жеткирүүгө кезек келди. Анын кайраттуулугу жаштарды мекенди сүйүүгө үндөйт",- дейт Эльвира Сариева.
"Курманжан датка" тасмасы жарыкка чыкты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
4

АНТСЕ ДА КУБАНЫЧТАБЫЗ,АЗАМАТСЫНАР КЫРГЫЗ ЭЛИМ!!