super.kg logo

Ысык-Көл эли Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн белгиледи (фоторепортаж)

 
Бүгүн, 31-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын борбордук аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү салтанаттуу иш-чаралар менен өттү.
Иш-чарада облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгулов, шаардык кеңешинин төрагасы Улан Турсунбаев, облустук жана райондук түзүмдөрдүн жетекчилери катышты.
Иш-чарада облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгулов, шаардык кеңештин төрагасы Улан Турсунбаев, облустук жана райондук түзүмдөрдүн жетекчилери катышты.
Майрамдык иш-чаралар КРнын Эгемендүүлүк күнүнө арналган көргөзмө менен башталды.
Майрамдык иш-чаралар КРнын Эгемендүүлүк күнүнө арналган көргөзмө менен башталды.
Андан соң иш-чара театралдык оюндар менен улантылды. Анда калпак, комуз, "Манас" эпосу, мамлекеттик тил жөнүндө айтылды.
Театралдык оюндардын жүрүшүндө калпак, комуз, "Манас" эпосу, мамлекеттик тил жөнүндө айтылды.
Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев жарандарды куттуктап: “Эркин жана көз карандысыз өлкөдө жашаш – бул чоң жоопкерчилик. Биз муну кийинки муундарга сакташыбыз керек. Бардыгыбыз биригип мамлекетибизди экономикалык жактан өнүктүрө алабыз. Бүгүн кабыл алынган чечимдер республиканын келечегин белгилейт. Ошондуктан ар бирибиз өлкөнүн өнүгүшүнө салымын кошушубуз керек”,- деди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Эмилбек Каптагаев облустун коомдук-саясий өнүгүшүнө чоң салым кошкон жарандарды Ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйлады.
Иш-чаранын жүрүшүндө Эмилбек Каптагаев облустун коомдук-саясий өнүгүшүнө чоң салым кошкон жарандарды Ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйлады.

Бүгүн, 31-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын борбордук аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү салтанаттуу иш-чаралар менен өттү. Бул тууралуу облустагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, майрамдык иш-чаралар КРнын Эгемендүүлүк күнүнө арналган көргөзмө менен башталып, театралдык оюндар менен улантылды. Анда калпак, комуз, "Манас" эпосу, мамлекеттик тил жөнүндө айтылды.

Иш-чарага КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгулов, шаардык кеңештин төрагасы Улан Турсунбаев, облустук жана райондук түзүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев жарандарды куттуктап: “Эркин жана көз карандысыз өлкөдө жашаш – бул чоң жоопкерчилик. Биз муну кийинки муундарга сакташыбыз керек. Баарыбыз биригип мамлекетибизди экономикалык жактан өнүктүрө алабыз. Бүгүн кабыл алынган чечимдер республиканын келечегин белгилейт. Ошондуктан ар бирибиз өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошушубуз керек”,- деди.

Андан соң Эмилбек Каптагаев облустун коомдук-саясий өнүгүшүнө чоң салым кошкон жарандарды ардактуу грамота жана баалуу белектер менен сыйлады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
31.08.2014. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адимин емнеге ушул жуманын газетасы порталга чыкбай жатат унутуп калдынарбы
31.08.2014. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudi,
Саламатсызбы! Дүйшөмбү күндөрү саат 09:00до сайтка жарыяланат.
Модератор admin_media түзөттү 31.08.2014 15:03
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: