super.kg logo

Ырчы Айгеримдин "Кыз узатуу" той-концертинде атасынын ырдаганы көпчүлүктү жашытты (фоторепортаж)

 
Июнь айында Айгерим Расул кызына сөйкө салып кетишкенден кийин "Августтун аягында чоң той-концерт беребиз, ошондо эл алдында кыз узатуу каадасы менен турмушка чыгайын деп жатам. Анткени буга чейин мен жөнүндө түрдүү жомоктор айтылып келген. Ошолорго биротоло чекит коюп, менин тоюма, жакшылыгыма эл күбө болсун деп ушундай чечимге келдик" деген эле. Ырчы бүгүн, 31-августта элге той-концертин тартуулады. 
Алгач улуттук кийим кийген кыргыз кыздары менен жеңелердин курчоосунда келген ырчы "Кызыл өрүк" аттуу ырды аткарды. Андан соң казак ырчысы Бахытжан Муханов менен Айгерим "Мен кыргызмын" аталышындагы ырды эки тилде ырдашты. Сахналаштырылган кыз узатуу саамалыгы тигилген боз үй, жоолук таштамай сыяктуу улуттук оюндарды ойногон жаштар менен өзгөчөлөндү. Той-концертте ырчы ар тараптуу талант экенин көрсөтүп, индия бийин бийледи. 
Жеңелер Кара-Кулжанын кулуну, Расул Маматкуловдун күйөө баласы Азаматты элге жүгүнтүп, аркан тосуу салтын да аткарышты. Жеңелердин бири "кудагыйыбыз жандуу ырдайт" дегенин далилдеп Азаматтын апасы обон созду. Расул Маматкулов тайгак жолдо кызынын бели бекем болсун деп Айгеримдин белине ак жоолук байлап, "Кызыма" аттуу ырды аткарды. "Кызымды силерге тапшырдым, мен Азаматты уул кылып алам" деген ырчы көпчүлүктү жашытты. Айгерим да көзүнө жаш алып, тизе бүгө ата-энесине ыраазычылыгын билдирди.
Ырчы-бийчи коштогон концертте актрисалар Гүлмира Турсунбаева менен Айнура Турганбаева (Сакиш) жеңелердин ролун аткарышты. Алып баруучулук милдет Айбек Асанбеков менен Манас Алыкуловго жүктөлдү. Алар жеңелер менен стадиондун ортосуна тигилген боз үйдөн ырчыларды чакырып, куйкум тамашалары менен элге жагымдуу маанай тартуулашты. Расул Маматкулов кызын узатып жатканына кубанган ырчылар Райхан Абдувалиева, Айчүрөк Иманалиева, Роза Аманова, Съездбек Искеналиев, Нурлан Насип, Данияр Эрматов, Гүланда, иниси Руслан Маматкуловдор ыр сунушту.
Бул тууралуу видеорепортажды эртең SUPER.KG порталынан көрө аласыздар.





Айгерим күйөөгө кетип жатып баарын жашытты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(123)
31.08.2014. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
atasynyn kolun oop jataby?
aman baktyluu bolsun
31.08.2014. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болгула.
31.08.2014. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жароокер келин, шайыр жене, суйкумдуу жар болгун! Турмуш сапарын байсалдуу болсун.
31.08.2014. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу бол. мээримдуу эне, суйкумду жар бол,сен жонундо жалан жакшы кабарларды угуп туралы.
31.08.2014. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула.
31.08.2014. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу бол Айгерим.
31.08.2014. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куйоосу вообще красавчик экен, бир-бирине куп жарашкан таттуу тугойлор болушуптур!!!
31.08.2014. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соз жок, эн сонун жанылык. Бактылуу болушунарды чын журоктон каалайм!
31.08.2014. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ай ий менин козумо жаш алды,бактылуу бол кармашкан колун эч качан узулбосун,Аллах эки дуйно бактылуу кылсын.турмуштун ыссык суугуна чыдаган жакшы келиндерден бол Амин.
31.08.2014. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туболукко бактылуу болуп,кармашкан колунар узулбосун!!!
31.08.2014. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу бол. Кармашкан колунар узулбосун.
31.08.2014. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу бол бала чакалуу болуп куйоо баланы сыйлаган келиндерден бол
31.08.2014. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула,жолдошуна соз жок
31.08.2014. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Очень красивая пара! Будьте Счастливы!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: