super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш кезектеги сессиясын баштады (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары өз ишин баштады. Расмий ачылышка депутаттардын 70 пайызы катышты. Бүгүн дүйшөмбү болгондуктан, эл өкүлдөрү өз иштерин комитеттерде улантуу чечимине келишти.

ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков сессиянын башталышында мына буларды айтты:

5-чакырылыштагы ЖК ушуну менен өзүнүн кезектеги сессиясын баштады. Кесиптештер, сиздерге чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик каалайм. Убакыттан пайдаланып, КРнын Эгемендүүлүк күнү менен кызуу куттуктайм! Урматтуу депутаттар, парламенттин дарегине бир катар жүйөлүү сын-пикирлер айтылып келүүдө. Ырас, кемчиликтер жок эмес, бар. Себеби биз Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азияда биринчи жолу парламенттик демократиянын жолунда жашап жатабыз. Мезгил сыноосунан өтүп, калыптанган даңгыр жолду бизге эч ким берген жок, ошондуктан кемчиликтер бар. Ал эми ЖК өткөн жылы эл алдында берген вазыйпасын аткарып келди деп ишенимдүү айтсак болот”.  

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары сентябрдан баштап атайын чиптер менен добуш бере башташат. Бул депутаттардын мыйзамдарга добуш берүүдөгү процессин жакшыртууга багытталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: