super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев президент Ислам Каримовду Өзбекстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго Өзбекстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо жолдоду.

Куттуктоонун мазмуну төмөнкүдөй:

“Урматтуу Ислам Абдуганиевич, Өзбекстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз.

Кыргыз-өзбек мамилелери мындан ары да Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достукту жана коңшулаштыкты бекемдөөгө, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле мамлекеттерибиздеги элдердин кызыкчылыгына жооп берген бардык маселелерди иш жүзүндө чечүүгө багытталат деп ишенем.

Урматтуу Ислам Абдуганиевич, Сизге чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди, ал эми Өзбекстандын боордош элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: