super.kg logo

Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Бишкектеги өзү окуган №2-орто мектепте ачык сабак өттү

 

КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев бүгүн, 1-сентябрь - Билим күнүнө карата Бишкектеги өзү окуган №2-орто мектепте ачык сабак өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

“Орто мектептерде бийлик өкүлдөрүнүн катышуусундагы ачык сабактардын өтүп жатканы мамлекеттин жаштарды мекенчилдикке, сабырдуулукка тарбиялоого чоң көңүл буруп жатканынан кабар берет. Окуучулардын мектеп партасынан эле коомдун толук кандуу мүчөсү экенин жана мекен алдында жоопкерчиликтүү экенин түшүнүүсү маанилүү. Өкмөт бүгүнкү күндө калктын жашоосун жакшыртуу үчүн түрдүү реформаларды жасап жатат”,- деди ал.

Андан тышкары ал аз камсыз болгон 115 үй-бүлөдө тарбияланган 336 миң балага жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 155 миң жаранга (анын 26 миңи 18 жашка чейинки курактагы балдар) министрлик жардам берип келгенин кошумчалады.

Андан соң министр окуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: