"Коопсуз шаар" долбоору боюнча Ош шаарына 314 видеокамера коюлмакчы
Бүгүн, 1-сентябрда "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча өткөн жыйында ИИМдин Маалымат-аналитикалык борборунун башчысы Алмазбек Бообеков "долбоордун алкагында Ош шаарына видеобайкоо үчүн 314 камера коюу пландалууда" деп билдирди. Камералар 36 көчө кесилишине коюлат. Стационардык радардык түзүмдөр шаардын 8 жеринде болмокчу.
Айта кетсек, долбоор ишке ашса, өлкөдө автоматташтырылган видеобайкоо, фото жана видеофиксация системи иштеп баштайт. Ошондой эле каттоонун бирдиктүү электрондук борборун түзүү жагы каралган. Бул жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү боюнча укук коргоо органдарынын, Башкы прокуратуранын ишинин натыйжалуу болушуна шарт түзмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

