super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Үрүмчү шаарындагы иш сапарында бир катар жолугушууларды өткөрдү

 
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 1-сентябрда Кытайдын Үрүмчү шаарына болгон иш сапарында бир катар жолугушууларды өткөрдү. Өкмөт башчы Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ван Ян, СУАР партиялык комитетинин катчысы Чжан Чуньсян жана СУАР өкмөтүнүн губернатору Нур Бакр менен жолугушуу өткөргөнүн өкмөттөн билдиришти. Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыктын келечеги, инвестиция тартуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышты. Оторбаевдин иш сапар учурунда Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов менен да жолушушканы айтылды. 4-Эл аралык ЭКСПО "Кытай-Евразия" көргөзмөсүнө катышып, Кыргызстандын тышкы соода байланышы боюнча баяндама жасады. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: